Президент Алмазбек Атамбаев "Кумтөр" алтын кенинин тегерегинде түзүлгөн кырдаал, болуп өткөн окуялардан кабардар. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов билдирди. Анын айтымында, өлкө башчы премьер-министр менен тез-тезден байланышып жатат. Айта кетсек, 30-майда митингчилердин талабы менен "Кумтөр" ишканасына электр жарыгын берүү токтотулду. Учурда аталган аймактагы абал курч бойдон.