"Miss BumBum-2017" сынагынын жеңүүчүлөрү эттен бикини кийишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалымат булактарында "Miss BumBum-2017" - дүйнөдөгү эң "ысык" сынак деп айтылат. Мында көрктүү жамбаштардын ээси аныкталат.
Аталган сынактын финалына өткөн 5 бийкеч эттен бикини кийишип сүрөткө түшүшкөн. Сүрөттөр сынактын интернеттеги расмий баракчасына гана жарыяланбастан чакыруу кагаздардын беттерине да чыгарылган.
Катышуучулардын айтымында, алар мындай кадам менен аялдар жөн гана тирүү жан эмес, коомчулуктун негизги мүчөсү экендигин түшүндүрүүнү каалаган.
"Кыздарды мындай образда сүрөткө тартуу иштери 8 саатка созулуп, алар бул убакыт ичинде 50 килограммдай этти кийим катары пайдаланышкан. "Miss BumBum-2017" - сынагы Бразилияда 7 жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынактын эң негизги талабы - кыздардын сулуулугу жана жамбаштарынын формасы табигый болуусу зарыл. Бул сынак коомчулукта жыл сайын кызуу талкууларды жаратып келет", - деп жазылат маалыматта.