Куурчактардын имидждерин алмаштырууну хоббиге айланткан бразилиялык сүрөтчүнүн эмгектери

Бразилиялык сүрөтчү Рафинья Сильва башкаларга салыштырмалуу өзгөчө хоббиге ээ. Тагыраагы ал бош убактысында "Барби" куурчактарынын чачтарын боёп, алардын имидждерин ар түрдүү кылып алмаштырып турууну жактырат.

Чачтарын жөн гана боёп койбостон азыркы учурдун модасы деп эсептелген омбре, балаяж түрлөрүн колдонот. Ошондой эле алардын тырмактарын түркүн түстөргө боёп, маникюр жасагандан да эринбейт.

Рафинья Сильва куурчактарды кооздоо менен 2013-жылдан тарта алектенип келет. Албетте, анын куурчактары суктанууну жаратпай койбойт. Бирок ар бир куурчакка өз-өзүнчө кийме чачтарды жасап, аларга түрдүү чач жасалгаларды жасоого бир топ эмгек талап кылынат. Мындан улам кооздолгон куурчактарды сатып, киреше тапкан сүрөтчүнүн эмгектери арзан эмес. Тактап айтканда, 1 куурчактын баасы 485 долларды (болжол менен 33 миң 500 сом) түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ermekbai
2017-11-08 11:32:28
Иши жок немеби же бизнес, талантбы.
0
mirana9395
2017-11-08 11:52:58
сонунгоо
0
Otuzadyr
2017-11-08 12:03:44
1-суроттогу кукла Асел Кадырбековага окшош экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан