Президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Казактын учурдагы абалы убактылуу көйгөй экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-ноябрда орусиялык РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн мамилеси жалпы тарыхы, маданияты, рухий баалуулуктары менен негизделген. “Учурдагы эки мамлекеттин абалы убактылуу көйгөй. Кыргыз-Казак тарап бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жакынкы арада көйгөйлөрдүн бардыгы чечилет деп ишенем”, - деди ал.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга дайындалган.