Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөрдөгү" кырдаал боюнча маалымат берет

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 31-майда "Кумтөр" алтын кенинин тегерегиндеги кырдаал боюнча журналисттерге кенен маалымат берет. Айта кетсек, Жети-Өгүз районунда митинг дагы деле уланууда. Аймактык кабарчыбыз билдиргендей, учурда Тамга айылында митингчилер тиккен чатырлар бузулууда. Ондогон митингдин уюштуруучулары укук коргоо кызматкерлеринин курчоосунда. Нааразычылык акциясына чыккандар аларды бошотуу талабы менен бир катар унаа жолдорду тосуп жатышканы белгилүү болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан