Жети-Өгүз районундагы митингчилер Ак үйгө келе тургандыктарын айтышууда

Жети-Өгүз районундагы митингчилердин арасында Бишкекке, Ак үйдүн алдына келүү тууралуу сөз болуп жатканын митингдин катышуучуларынын бири билдирди. Анын айтымында, райондо абал курч бойдон, кармалгандар түшүнүк кат жазышып, курчоодон бошотулушту.  

Айта кетсек, 27-майда Жети-Өгүз районунда митингге чыккандар өкмөткө 13 пункттан турган талап коюшуп, талаптар аткарылмайынча таркашпай тургандыктарын айтышууда. Талаптардын ичинде "Кумтөр" менен канадалык компаниянын ортосунда түзүлгөн 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу, Жети-Өгүз районуна бир катар социалдык мекемелерди куруп берүү, кен иштетүүдөн чыккан калдыктарды тез арада тазалоо жана башкалар бар.  

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан