КҮНСЕРЕП: Орусия Кыргыз мигранттарына эски сыйыртмагын ыргытты

Бүгүн, 9-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Орусияда Кыргыз жарандарын улуттук айдоочулук күбөлүк менен автоунаа айдоо укугунан ажыратуу аракети уланууда. Мамлекеттик Думанын депутаты Игорь Лебедевдин сунушу менен тийиштүү мыйзамдын долбоору Орусия парламентине киргизилгени белгилүү болду. Демилге колдоо тапса, анда аталган өлкөдө Кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдонуп жүк же жүргүнчү ташыган айдоочулар ишсиз калганы турат.

Казакстан менен мамиле бузулуп, алака жөнгө салына электе Кыргызга бул мыйзам долбоору “какаганга муштаган” дегенге тете болууда. Мындан 3 ай гана мурун Орусия депутаттары Кыргыз жарандарынын улуттук айдоочулук күбөлүк менен автоунаа айдоосуна уруксат берген токтом кабыл алып, аны президенти Владимир Путин колдоого алган. Эми ал жеӊилдикти кайра тартып алганы турушат. Эмне үчүн Орусиянын мамилеси бир заматта өзгөрдү? Ушул жылдын 29-октябрында президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрь күндөрүн мындан ары Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө жарлык чыгарган. Мурда 7-ноябрь өлкөдө Улуу Октябрь революциясынын күнү деп белгиленип жүргөндүктөн, депутат Лебедев муну "Орусияга каршы саясат, анткени бул майрамда 1916-жылкы окуя (Үркүн окуясы) эскерилет" деп шылтоолоп жатат. Башында, кадимки сунуштардын бири катары сезилген Лебедевдин демилгеси мыйзам долбооруна айланып, Мамлекеттик Думага кириши иш олуттуу экенинен кабар берет. Расмий маалыматка таянсак, азыркы тапта Орусияда 600 миӊден ашык Кыргыз жарандары жашап, иштейт. Алар жылына Кыргыз өлкөсүнө 2 миллиард доллардын тегерегинде акча которот. Мисалы, 2016-жылы 1,9 миллиард доллар которушкан.

27-октябрда ажо Кыргыз мамлекети ЕАЭБге өтө көп үмүт артып туура эмес кылганын, өлкө аталган союзга альтернативдүү рынок катары эми 32 миллион калкы бар Өзбекстан жана 1,5 миллиард калкы бар Кытай менен экономикалык алака түзүп, айыл чарба азыктарын ушул өлкөлөргө экспорттосо болорун айткан. Бул билдирүү ансыз да Кыргызды "ЕАЭБдин контрабандисти" атаган Казакстан менен альянстын таасирдүү мүчөсү Орусияга жакпаганы ырас. Бир жагынан Казакстан, экинчи жагынан Орусиянын кысымы узакка созулса, Кыргызга кыйын болот. Анда чечкиндүү кадамдарга барууга туура келет. Казактын чек арасындагы чектөө эле бийликке карата кандай терс маанай жаратканы көрүндү, жүз миӊдеген Кыргыз мигранттарынын ишсиз калып же депортацияланып өлкөгө кайтып келбеши үчүн бийлик кандай арга табат? Орусия менен мамиленин салкындашы президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Сапар Исаковду кыйын абалда калтырары айтпаса да түшүнүктүү. 8-ноябрда Путин менен Атамбаев телефондон сүйлөшүшкөнү белгилүү болду. Президенттик аппараттын Путин Атамбаевди 17-ноябрда өтүүчү маданий форумга чакырды деп билдиргенине караганда Атамбаев жакында форум шылтоосу менен стратегиялык өнөктөштөр менен мамилени сүйлөшүү үчүн Орусияга сапар тартышы мүмкүн...

Кыргыз жеринде жакында күйүүчү майдын кескин тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында депутат Исхак Пирматов өлкөдө 2 аптага гана жетерлик бензин-керосин калганын, 1 айдан бери бензин ташыган вагондор Кыргыз-Казак чек арасынан өткөрүлбөй жатканын айтып чыкты. Пирматов бул чындыкты өкмөт элден жашырып жатат деген пикирде. Депутат 2 жылдан бери өлкөгө күйүүчү май пошлинасыз киргизилип жатканын, пошлина кирсе, бензинге баа көтөрүлөрүн айтат.

ЕАЭБдин жаӊы мүчөсү катары Кыргыз жерине 2015-жылдан бери товардын бир топ түрлөрү, анын ичинде мунай продукциясы пошлинасыз киргизилет. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кыргыздын союздагы өткөөл мезгили же жеӊилдетилген шарттардын мөөнөтү 3 жылга созуларын, бул арада өлкө уюмдун талаптарына ыӊгайлашып алууга жетишүүсү керектигин айткан эле. 2017-жыл менен кошо Кыргыздын ЕАЭБден алган убактылуу жеӊилдигинин мөөнөтү бүтсө, импорттук товарлар кымбаттай турганын эксперттер да, өкмөт мүчөлөрү да айтып жатышат. Күйүүчү майдын Бишкектеги баасы акырындык менен кымбаттоодо. Мисалы, АИ-92 бензининин 1 литри быйыл сентябрдын аягында 39 сом болсо, бүгүн, 9-ноябрга карата 39 сом 40 тыйынды түзүүдө. Бензиндин башка маркалары да 50 тыйынга чейин кымбаттады. Күйүүчү май боюнча Кыргыз Орусия жана Казакстандан көз каранды. Тажрыйба көрсөткөндөй, бензин кымбаттаса, азык-түлүк да кымбаттап, социалдык чыӊалуу күчөйт. Социалдык чыӊалуу дайым бийликтин түн уйкусун бузган фобиясы болуп келген...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан