Жантөрө Сатыбалдиев: "Жети-Өгүздөгү митингди уюштургандар сөзсүз жазаланат"

Жети-Өгүз районундагы митингди уюштургандар сөзсүз жазаланарын бүгүн, 31-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, "Кумтөргө" барчу жолдун тосулганы өлкө экономикасы үчүн өтө оор жагдай жаратты. “Каржылык-экономикалык чыгымды сот аркылуу митингдин уюштуруучуларына төлөтөбүз. "Өкмөт эмнеге реакция кылган жок?" деп жатышат, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Митингге чыккан эл “Темир Сариев келсе, жолду ачабыз” деген, бирок андай болгон жок. Жол тосуулар адатка айланган көрүнүштөр, бирок мыйзамдын алдында бардыгы жооп бериши керек. Мыйзам бузуулар болсо, карапайым жарандардан баштап президентке чейин баары жооп берет. Депутат дагы, министр дагы. Митингдердин артында башка күчтөр бар”,- деди өкмөт башчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан