Жети-Өгүз: Митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты

Жети-Өгүз районундагы митингчилердин бири Темирлан Алдашевдин айтымында,  укук коргоо кызматкерлери менен митингчилердин ортосунда кагылышуу чыкты. Учурда эл милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, милиция да тийиштүү чараларды колдонууда. ИИМге таандык 1 автобус өрттөнүп жатат. Буга таңга маал кармалган 100дөй катышуучунун ичинен 90го жакыны бошотулуп, дагы 10дой адамдын чыгарылбай калышы себеп болду. Катышуучулар калган митингчилерди тез арада бошотууну талап кылып жатышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан