"Өкмөт азырынча "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу маселесин карай элек",- деп билдирди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн маалымат жыйында. “Центерра" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселеси боюнча убакытты узартып берүүсүн парламенттен суранып жатабыз. 3 ай абдан аз убакыт, мисалы, парламенттик комиссия 6 ай иштеген. 3 айда бардык маселелерди чечүү мүмкүн эмес, себеби иштин көлөмү абдан көп. 2009-жылдагы келишимди өзгөртүү үчүн 2003-жылы эмне болгонун иликтеп чыгыш керек. Учурда эксперттер иштеп жатышат. Өкмөт ушул маселе боюнча 12 жыйын өткөрдү. Ал эми келишимди денонсациялоо боюнча өкмөттүн долбоору бар, бирок эң акыркы орунда, себеби "Центерра" сүйлөшүүгө макул болуп жатат”,- деди Сатыбалдиев.