"Кумтөр" ишканасындагы кырдаал боюнча президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 31-майда билдирип, мыйзам бузгандар жаза ала тургандыктарын айтты.
"Аларга дароо жаза бербесек да, эртең же бүрсүгүнү сөзсүз жазасын алышат. Мыйзам чегинде катуу жаза алышат. Биз эч качан охлократия жолу менен кетпейбиз, мен муну расмий түрдө билдирем",- деди президент. |