Калың чач байлагычтар кайрадан модада

"Чоң шаардагы секс" сериалында Керри Брэдшоунун ролун аткарган Сара Жессика Паркердин "Манхэттендин жашоочусу эч качан калың чач байлагыч тагынбайт" деп айтканы эсиңиздеби? Анын сыңарындай, мода дүйнөсүндө 2000-жылдардан тарта колдонулбай калган калың чач байлагычтар келе жаткан 2018-жылы кайрадан трендде болмокчу.

Аксессуарларды чыгарган "Mansur Gavriel" бренди 2018-жылга карата көргөзмөсүн уюштуруп, анда келе жаткан жылдын модасы деп калың чач байлагычтардын түрлөрүн тартуулашкан. Стилист, чач-тарач Жен Аткинстин айтымында, аталган чач байлагычтар ичке чач байлагычтарга караганда бир топ ыңгайлуу жана чачка көрк кошуп турат.

Белла Хадид

Баса, мындай чач байлагычтарды кийинки жылды күтпөстөн эле тагынып жүргөндөр бар. Алар жаш моделдер Белла Хадид жана Хейли Болдуин.

Хейли Болдуин

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bahira
2017-11-10 09:22:16
Хм,бизде ар бирибиз эле байлап журсок керек
+7
Sezima89
2017-11-10 09:58:06
Ойуна келген нерсени эле мода кылып чыгара беришет экенда.
+9
Dalil
2017-11-10 10:35:49
Менин келинчегим 2009- жылдан бери колдонот модасы жок эле.
+14
Isco23
2017-11-10 12:06:07
Бул чач байлагычтар эмнеден жасалат?))
0
barakcha
2017-11-10 18:46:46
Isco23,эски байпактын резинкасынан)
+4
Isco23
2017-11-10 19:42:22
barakcha,ооооий ичим ииииий))) жыттанбайбы))
+2
Pandora
2017-11-10 12:44:13
Булар бир белгилуу ич кийимин башына кийип чыкса,ошону дуурап да чыгышат "оой прикольно"-дешип.
+3
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-10 20:31:40
Калын чач байлагычты байлап эле модный болуп калат экенбиз да пай пай пай
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан