Жети-Өгүз районунда 30-май күнү болуп өткөн окуялар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда журналисттерге башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши "имарат, курулуштарды басып алуу", "бейбаштык", "өз билемдик кылуу" беренелеринин негизинде козголду. Ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы козгоп, облустук милицияга тергөөгө жөнөткөнү белгилүү болду. Айта кетсек, митингчилер кечээ Тамга айылындагы "Кумтөр" алтын кенин иштеткен компаниянын подстанциясын өчүрүп салган болчу.