Бүгүн, 31-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев “Президенттин Кубогу” үчүн шахмат боюнча балдар арасында өткөн мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктады. “Шахмат адамды ойлонууга үйрөтөт. Мен дагы кичинекей кезимде шахматты жакшы көрүп ойночумун. Бул оюн акыл-эс тутумун жакшыртат. Ошондуктан балдарды тарбиялап жаткан машыктыруучулар менен ата-энелерге чоң рахматымды айтам. Балдар - биздин келечегибиз. Андыктан, урматтуу кичинекей балдарым, бул оюнду уланткыла”,- деди өлкө башчы. Айта кетсек, аталган спорттук иш-чара И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өттү. Мелдешке 8-12 жаштагы шахматчылар катышып, алар швейцария системи боюнча 9 турдан ойношту. Ал эми президенттин куттуктоо сөзүнөн кийин мелдештин жеңүүчүлөрүнө медаль, шахмат, планшет менен кубок тапшырылды. Жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:
8 жашка чейинки балдар арасынан
1-орун: Элдияр Орозбаев
2-орун: Эржан Осмоналиев
3-орун: Асан Абайылдаев
8 жашка чейинки кыздар арасынан
1-орун: Азаля Мирлан кызы
2-орун: Нурай Советбекова
3-орун: Жасмин Жолдошбекова
10 жашка чейинки балдар арасынан
1-орун: Алтай Акматов
2-орун: Сыйлык Мирлан уулу
3-орун: Алмаз Съездбеков
10 жашка чейинки кыздар арасынан
1-орун: Дарья Ли
2-орун: Гүлнур Ашыралиева
3-орун: Элина Таштанбекова
12 жашка чейинки балдар арасынан
1-орун: Руслан Съездбеков
2-орун: Жоомарт Бектемиров
3-орун: Александр Вишенцев
12 жашка чейинки кыздар арасынан
1-орун: Айтурган Күмүшбек кызы
2-орун: Айпери Майрамбекова
3-орун: Нурита Кулсаирова