Дүйнөдөгү эң узун муруттун ээси болуп Индиянын Жайпур шаарынын 62 жаштагы тургуну Рам Сингх Чаухан эсептелет. Азыркы тапта дүйнөдөгү эң узун муруттун узундугу 5 метрге жетет. "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген мурутуна кам көрүү үчүн Рам Сингх Чаухан күнүнө 2 сааттан ашык убакыт коротот.
Өзүнүн узун муруттарынын аркасы менен Рам белгилүү "Осьминожка" тасмасында роль жараткан. Анын айтымында анын муруту, ага болуп көрбөгөндөй популярдуулукту алып келген.
"Менин мурутум өзгөчө камкордукту талап кылат, мен ага кичинекей балага кам көргөндөй эле мамиле кылам. Байыркы Индияда муруттар намыскөйлүктүн жана сыйдын белгиси болгон. Мурутумдун аркасы менен көп нерсеге жетиштим", - деп билдирет Рам.
Күйөөсүнүн мындай муруттары бар экенине Рамдын жубайы Аша да сыймыктанып, дайыма аларды иретке келтиргенге жардам берет. Рам Сингх Чаухан өзүнүн мурутун 1970-жылдан бери өстүрүп келет.