"Ата Мекен" фракциясы Ысык-Көлдөгү кырдаал боюнча УКМКнын докладын жабык эшик артында угат

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы Ысык-Көлдөгү кырдаал боюнча УКМКнын докладын бүгүн, 31-майда жабык эшик артында угат. Доклад берүү үчүн УКМКнын өкүлү Жогорку Кеңешке келди. Айта кетсек, 27-майда Жети-Өгүз районунда митингге чыккандар өкмөткө 13 пункттан турган талап коюшуп, талаптар аткарылмайынча таркашпай тургандыктарын билдиришкен. Талаптардын ичинде Жети-Өгүз районуна бир катар социалдык мекемелерди куруп берүү, кен иштетүүдөн чыккан калдыктарды тез арада тазалоо жана башкалар бар.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан