Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ысык-Көл облусунда бүгүн, 13-ноябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында болгон. Анда БМВ үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеттип, жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен автоунаанын ичиндеги 3 адам каза болду. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда.
Окуя болгон жерде ӨКМнын куткаруучулары каза болгондорду унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.