Жети-Өгүз районунда өтүп жаткан митингдин активисттеринин бири Бактияр Курманов мурда Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча соттолгонун ИИМден билдирет. Бактияр Курманов 1980-жылы туулган. Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну. Ал 2001-жылы Жети-Өгүз РИИБи тарабынан “денеге атайын залал келтирүү” беренеси менен 2 жолу, 2008-жылы “уурулук” беренеси боюнча соттолгону маалым болду.