Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын өткөрүүгө 13 миллион сомдон ашык каражат коротулат

Президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын өткөрүүгө 13,1 миллион сом коротулат. Бул тууралуу кечээ, 13-ноябрда парламенттин тармактык комитетинде каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, бул каражат 2017-жылдын бюджетинен каралган.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга дайындалган. 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Жээнбеков 920 миң 626 добуш (54,22 пайыз) топтоп, жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан