Алмазбек Атамбаев: “Кумтөрдүн” иштебей калышы мамлекеттик бюджеттин кирешесин 6 миллиард сомго кыскартат"
Ысык-Көлдө митинг уюштургандардын кылмыштуу аракеттери Кыргызстандын
бюджетин толуктоону коркунучка алып келгендигин бүгүн, 31-майда президент
Алмазбек Атамбаев айтты. “Кумтөрдүн” иштебей калышы мамлекеттик бюджеттин кирешесин 6 миллиард сомго
кыскартат. Бул болсо Социалдык фонддун жана мамлекеттин бюджетинин кыскарышына
алып келип, маянаны жана пенсияны төлөөгө кедергисин тийгизет. Ушунун баары
үчүн күнөөкөрлөр мыйзамдын алдында жооп бериши керек”,- деди өлкө башчы.