АКШнын армиясын эми психикалык жактан жабыр тарткан адамдар толуктайт

Америка Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрүндө эми психикалык жактан жабыр тарткан адамдар да кызмат өтөй алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Белгилүү болгондой, эми АКШнын куралдуу күчтөрүнө кайсы бир убакта психикалык жактан жабыр тарткан адамдар гана эмес, мурунку баңгилер жана аракечтер да кызмат өтөй алат.

АКШнын мыйзамдарына ылайык аскердик кызмат өтөө үчүн адамдын ден соолугу тыкыр текшерилип, анын кичине гана кандайдыр бир психикалык оорудан жабыр тартары билинсе, ал адам кызмат өтөөгө алынчу эмес. Эми бул чектөөлөр алынып аскерлердин катары көптөгөн жаңы жоокерлер менен толукталууда.

Эң демократиялуу деп эсептелген өлкөнүн куралдуу күчтөрү жоокерлерге муктаж, анткени өлкө башчысы Дональд Трамп терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтө турганын билдирген. Мындай стратегиянын жыйынтыгы бир нече жылдан кийин белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2017-11-15 12:36:53
Айлыктарын контрагын кобойтуп койсо эле кобойот жоокер
+1
Best.bakyt
2017-11-15 13:16:42
kechirmeni,АКШда ансыз да армиянын маягасы абдан чон.
+2
Krai
2017-11-15 12:55:22
Эми олот экен да психтер бири бирин атышып
+8
usta_kg
2017-11-16 20:49:06
Krai,психтерге курал карматыштын өзү эле коркунучтуу, кокус урушуп кетсе дароо атышып кетсе керек
+1
almanbetperm
2017-11-15 13:09:17
Трамп деле калышпайт жиндиден
+6
rysik79
2017-11-15 14:28:05
Болбогон кеп психикасы бузук адамга кантип курал карматсын. Араккеч менен банги да кантип болсун. Банги жана араккечтер легиону болобу?
+3
zhykyo
2017-11-15 14:29:35
Азыр 10 кишинин 8 писих баары
+2
Dalil
2017-11-15 15:02:06
Элине жоокерине жараша башчы деп ушуну айт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан