Бүгүн, 31-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчы "Кумтөр" алтын кенине барчу унаа жолду тосууга жана төрт чек ара бекетине, өлкөнүн эң ири өнөр жай ишканасына электр энергиясын берүүнү токтотууга алып келген жагдайларды кылдат изилдеп чыгуу тапшырмасын берди. “Митингдин катышуучуларынын мыйзамсыз аракеттери өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткандыгын жана экономикага олуттуу зыян алып келгендигин эске алуу менен алар жаза алышы керек”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.