Бүгүн, 15-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеӊештин кезектеги отуруму өттү. Жыйынга президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекет жетекчилиги, эксперттер катышты. Ажо өлкөнү 5 жылда өнүктүрүү стратегиясы өз максатына жеткенин, эми 2018-жылдан тарта Кыргызды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясы иштеп баштаарын айтты.
Кыргызда 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы 2013-жылы бекитилген. Өзөгүн мега долбоорлор түзгөн документ 5 жылда толук аткарылып бүттү деп айтууга эрте. Стратегияда 70тей долбоорду ишке ашыруу пландалган, албетте, жасалгандары да бар. Жасалбаган айрым ири долбоорлорду атасак. Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылкы сөзүнө таянсак, стратегиянын алкагында Кыргызда жаӊы ГЭСтер курулуп, эскилери жаӊыланышы керек эле. Бул жааттагы абалга "Русгидро" жана "Лигласс" компанияларынын чырын, бул кадамдардан улам келтирилген зыянды карап жыйынтык чыгарууга болот. Стратегиянын шартында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси чечилмек, ишке ашкан жок. Быйыл транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Кытай өз вариантын, Кыргыз өз вариантын сунуштап, бир пикирге келе албай жатышканын айткан. Эксперттер Кыргыз темир жол аркылуу деӊизге чыгуу үчүн бир келген мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн деп коӊгуроо кагып жатышат. 5 жылдык документти ишке ашыруу менен Кыргыз өлкөсү коррупциясыз 50 өлкөнүн бирине айланышы керек эле. Жыйынтык: 2012-жылы Transparency International эл аралык уюмунун изилдөөсүндө Кыргыз өлкөсү 24 балл алса, 2016-жылы 28 балл алды же 4 жылда өз пайдасына 4 гана балл кошо алды. Бүгүнкү күнү Кыргыз мамлекети 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлейт, бул өлкөдө коррупциянын деӊгээли жогору деген көрсөткүч. Фактыларды улантып санай берүүгө болот. Ушул таптагы көйгөйлөр кекиртектен алып, чечилбей турганда Кыргыздын кыйындары 2040-жылкы пландарды талкуулоодо. Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал, Кыргыз товарларынын Орусия, Беларусь түгүл Казакстандан ары өткөрүлбөй же "ЕАЭБдин талабына жооп бербейт" деп Орусиядан артка жөнөтүлүп жатышы, Кыргыз мигранттарынын статусу өӊдүү тез чечүүнү талап кылган иштер бар.
Президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү сөздөрү Кыргыз-Казак кризиси жакын арада чечилбей турганынан кабар берди. Ажо президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине бүгүн да катуу сын жаадырып, "Казак бийлиги Кыргызга кантип жашашты үйрөтпөшү керектигин" дагы бир жолу айтты. Буга чейин Кыргыз президентин коӊшу өлкөдөн кечирим суроого чакыргандар чыккан. "Кечиримди мен эмес, биздин ички ишибизге кийлигишип, өзүнүн "шестёркасын" президент кылгысы келген адам сурашы керек", - деди Атамбаев. Ажонун сөзүнө жооп кылган сыӊары Казакстан Кыргызга буудайды тийиштүү көлөмдө ташып келбей жатканы белгилүү болду. Мындан улам ундун кымбатташы мүмкүн экендиги талкуулана баштады...
Жогорку Кеӊеште 3 фракция: "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары оппозициялык деп саналат. Президенттин, өкмөттүн туура эмес аракеттерин, былык иштерин коалициялык көпчүлүккө караганда дал ушул фракциялар айтып, эскертип турууга тийиш. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 1 жыл мурун башталган чабуул анын 8 жылга кесилиши менен аяктады. "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабановго президенттик шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, Бабанов чет жерден кайтып келе элек. Атамбаев бүгүн "Бабановдун орду президенттик кресло эмес, түрмөдө экенин" айтып, жакында гана козголгон кылмыш ишинин келечегин аныктап койгонсуду. Бабанов Жапаров эмес, парламент трибунасы эмес, абактын камерасы күтүп жаткан өлкөгө анын кайтып келиши кыйын. Бийлик үчүнчү оппозициялык фракция "Өнүгүү-Прогресстин" лидерин да "ордуна койгону" белгилүү болду. Бабановдун тандемдеши Бакыт Төрөбаев бүгүн өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеӊештин жыйында президент Алмазбек Атамбаевге алкыш айтты. "Сиз бизди сындап жүрүп бышырдыӊыз", - деди эле ажо "дары болсун" деди. 1 ай мурун азыркы бийликти сындап, өлкө жаӊыланууга муктаж экенин айтып жүргөн Төрөбаевдин бүгүнкү пикири шайлоочуларын жумшак айтканда таӊ калтырды. Жогорку Кеӊеште реалдуу оппозиция бар экенин көрсөтүүчү күчтөр акыркы жылдардагы камоолордон улам айбатын жоготтубу?..