Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева, Курманбек Дыйканбаев, Максат Сабиров Ысык-Көл облусунда болуп, "Кумтөр" кенинин айланасында түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышышты. Эркингүл Иманкожоева билдиргендей, парламентчилер өз сапарында бир нече жолу митингчилер менен сүйлөшүп, аталган кенди улутташтыруу боюнча Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн жүргүзүп жаткан иши тууралуу түшүндүрмө берүүгө аракет кылган. Бирок, депутаттын пикиринде, уюштуруучулардын буйругу боюнча депутаттарды митингчилер жолотпой коюшкан.
Ошондой эле экономика министри Темир Сариевге да "Кумтөр оперейтинг компани" тарабынан жаратылыш ресурстарын пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш жүрүмүнүн коопсуздугу, калкты социалдык жактан коргоо боюнча ченемдеринин жана талаптарынын сакталышы боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары комиссиянын иш жыйынтыгы менен тааныштыруусуна мүмкүнчүлүк берилген жок.
"Бүгүндөн калбай Жогорку Кеңеш тарабынан "Кумтөр" боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндө талап коюлду. Бирок бул жерде "Кумтөр" маселеси эмес, кызыкдар тараптардын бийликти басып алуу жана алмаштыруу маселеси турат. Ошондон улам Ысык-Көл тургундарын ар кандай чагымдарга алдырбоого чакыргым келет. "Кумтөр" боюнча бардык маселелер укук талаасында чечилүүгө тийиш. Биз бул маселе Кыргызстандын келечек тагдырына тиешелүү экенин эстен чыгарбашыбыз керек", - деди эл өкүлү.