Орусия Федерациясынын Мордовия Республикасына караштуу Саранск шаарында жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз кыздарынын сөөгүн мекенине алып келүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу 15-ноябрда Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары азыркы тапта жол кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.
Айта кетсек, 2017-жылдын 14-ноябрына караган түнү жол кырсыгы катталган. Унаанын айдоочусу 33 жаштагы Кыргыз жараны Хендай Соларис үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен бара жатып жол чырактын түркүгүн сүзүп алган.
Натыйжада унаанын айдоочусу башынан жаракат алып, ал эми унаанын ичиндеги эки Кыргыз кызы көз жумган. Алар Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шералы айылынын тургундары 1994-жылы туулган Мария А. жана 1999-жылы туулган Мадина А. аттуу эже-сиңдилер болгон.