Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы “Кумтөрдөгү” абалды талкуулоо үчүн парламент чукул жыйын өткөрүшү керектигин билдирди. Мындай чечим бүгүн, 31-майда фракция жыйынында кабыл алынды. Фракция лидери Феликс Куловдун айтымында, бардык депутаттарды чогултуп, Жети-Өгүз районундагы абалга карата өзгөчө кырдаал жарыялоо тууралуу президенттин буйругун колдоо керек. Тиешелүү сунушту фракция төрага Асылбек Жээнбековго жолдоду.