Нарын шаарында “Кумтөргө” байланышкан митинг болуп жатат" деген маалымат тарап кеткен. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда мамлекеттик администрациянын алды жана шаардын борбордук аянты адаттагыдай эле тынч. Мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнө байланышканыбызда басма сөз кызматы да бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы “Жалган маалыматтарды тактап туруп жарыялабасак, ортодогу чагымчыл күчтөр пайдаланып, элдин өзүнө эле зыяны тийиши мүмкүн”,- деген оюн билдирди. Учурда Нарын шаарында коомдук-саясий абал туруктуу.