Бүгүн – 16-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Быйыл жайкы каникул алдында Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргыз жерине буудай импорттоодон кошумча нарк салыгын киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып, тегирменчи олигарх-депутаттарды ыңгайсыз абалда кармап жүргөн эле. Ал кезде ун магнаты атыккан Чыныбай Турсунбеков спикер болуп турган, анын кызматтык абалынын таасириби же башка себептенби, аталган долбоор эч эле күн тартибине кирбей жаткан. Эки ай каникул, андан кийин дагы 2 айга созулган президенттик шайлоо учурунда буудай маселеси убактылуу унутта калган. Эртели-кеч бул маселе кайра көтөрүлөрүн билген ун магнаттарынын акыркы убакытта өзгөчө активдүүлүгү да байкалган. Чыныбай Турсунбеков КСДПнын генералдык линиясынан чыгып, шайлоого катышам деп чыкса, "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев да президенттикке талапкерлигин койгон. Муну миллиондогон киреше алып келген бизнести коргоо аракети менен түшүндүрсө да болчудай. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев маселенин дал ушундай жагдайы болушу ыктымалдыгын кечээ "мындан ары ишкерлер өз иши менен алек болуусун каалаар элем, ал эми парламентке өз бизнеси жана чөнтөгү үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө даярлар келсин" деп кыйытып айткан эле. Андан ары президент "ун падышаларынын айынан Эл аралык валюталык фондунан грант ала албай калышыбыз мүмкүн болуп жатат" деген. Эске салсак, буга чейин Эл аралык валюталык фондунун өкүлү Кыргыз өкмөтүнө жогорудагы нарк салыгынын жоюлушу боюнча чечим туура эмес болгонун билдирген.
Бүгүн Жогорку Кеңеште буудайды импорттоодо салык киргизүү боюнча мыйзам долбоору кызуу талкууланды. Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргыз жерине буудай импорттоодон кошумча нарк салыгын алып салуудан 1,5 жылда бюджет 500 миллион сом жоготту. Депутаттар 2016-жылы буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеӊештен өткөрүүгө 3 депутаттын кызыкчылыгы болгонун айтып, алардын жоопкерчилигин кароону талап кылышты. Белгилүү болгондой, коңшу өлкөлөрдөн буудай алып келип, ун өндүрүүнү чоң бизнеске айланткан депутаттар Чыныбай Турсунбеков менен Бакыт Төрөбаевден тышкары "Кыргызстан" фракциясынын көшөгө артындагы кожоюну Шаршенбек Абдыкеримовдун тургандыгын да айтышат. Буга чейин "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламент жыйынында "Өлкөдөгү бизнести биротоло 5-6 адамга бөлүп берип койбойлубу... Курулушту "Авангард", спирт ичимдиктерин "Аю" компаниясына өткөрүп бергиле. Ун өндүрүшүн кесиптештерибиз Чыныбай Акунович менен Бакыт Эргешович алсын" деп мазак аралаш сынга алган болчу. Минтип Жогорку Кеңеш кайсы бир чечимди кабыл алып, кайра ал чечимин жоюуга кайтканы депутаттарга аброй алып келбей, коомчулук тарабынан сынды курчутат. Ал эми бюджеттик жоготууну ким калыбына келтирери тууралуу суроо азырынча ачык бойдон турат...
Жогорку Кеңеш "Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген мыйзам боюнча акыры чечимди кабыл алды. Чечимдин кандай болорун алдын ала айтуу да кыйын болгон. Жыйынтыгында чуулуу мыйзам жактырылды: жыйынга катталган 85 депутаттын ичинен 63ү "макул", 25и "каршы" деп добуш беришти. Бул маселе көптөн бери парламенттин жана өкмөттүн тынчын алып келе жаткан. Акыркы күндөрү болсо "температура" кыйла көтөрүлүп кеткен. Ак үй алдындагы митингдер, тегерек столдогу ызы-чуулар, "Кумтөрдө" уюштурулган жыйындагы кайым айтышуулар жана кыйкырыктар буга далил. Мындай кырдаалда градусту түшүрүү милдети депутаттарга жүктөлгөн, бирок эл өкүлдөрү бул миссияны аткарууну туура көрүшпөдү, сыягы. Мисалы, 8-ноябрда аталган мыйзамды артка кайтаруу талабы менен Ак үй алдында нааразычылык акциясы өткөндө бир да депутат митингчилерге чыккан жок. 10-ноябрда мөңгүлөр маселесине арналган тегерек столго парламенттин эки гана өкүлү келген. 14-ноябрда "Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдүн абалы менен жеринен таанышууга 120 депутаттын ичинен алтоосу гана барган.
"Кумтөргө" барган депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, жарандык активисттер жана журналисттер Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн көрүшкөн соң кенде иштеген кызматкерлер менен жолугушуу өткөрүшкөн. Талкуунун жүрүшүндө орун алган бир сүйлөшүү "Кумтөрдүн" айланасындагы "аба ырайын" ачык көрсөттү. Өзүн Максат деп тааныштырган кызматкер "эгер "Кумтөргө" каршы чечим чыкса, биз Жогорку Кеңештин таратылышын да талап кылышыбыз мүмкүн" деп депутаттарды опузалаган. Депутат Сайдулла Нышанов "Кумтөрдүн" тагдырын анда иштеген 5 миң кызматкер чечпей турганын айтып кескин түрдө жооп берди. "Мен бул мыйзамды колдоп добуш берейин деп жаттым эле. Силердин сөзүңөрдөн кийин каршы добуш берем деп оюмду өзгөрттүм", - деди депутат. Бул диалогду депутат бүгүн да көтөрүп жыйында "кендеги жамаатты атайын даярдап, депутаттарга акарат келтиришти" деди. Кызыгы, бүгүн "каршы" добуш берем деген Нышанов оюнан кайтып, мыйзамды колдоду.
Мыйзам кабыл алынды, эми ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Алмазбек Атамбаевдин президенттиктен кеткиче 8 календардык күнү бар. Мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзамга ал өзү кол коёбу же мөңгүлөрдүн тагдырын жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго тапшырып кетеби, жакында белгилүү болот...