Жусупбек Шарипов Кыргыздын Украинадагы элчиси болуп дайындалды

Жусупбек Шарипов Кыргыз мамлекетинин Украинадагы элчиси кызматына дайындалды. Аны кызматка дайындоо буйругуна өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 16-ноябрда президенттик аппараттан билдиришти. Шариповдун талапкерлиги Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитетинде 15-ноябрда колдоо тапкан.

Президенттин башка буйругу менен Жусупбек Шарипов мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Буга чейин ал Кыргыздын Кувейт, Марокко, Иордания жана Бахрейндеги элчиси кызматын айкалыштырып иштеп келген.

62 жаштагы Шарипов президенттикке жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан