Бүгүн, 16-ноябрда парламентте "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.
“Ата Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов “Кумтөрдүн” абалы менен таанышып келгендерин айтты. “Атайын жамаатты даярдап коюшуптур. Бизди, депутаттарды “кузгундар” деп атады. Депутаттарга акарат келтиришти. Элди бизге каршы үгүттөгөн туура эмес", - деди ал.
Аталган мыйзам долбоордо Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн кен казуу сунушталган.