Япониялык компания метро өз убагынан 20 секунд эрте жүрүп кеткени үчүн кечирим сурады

Япониялык метролор убакытка тактыгы менен көпчүлүктү таң калтырып келет. Бирок ушул шейшемби, 14-ноябрда Токионун Metropolitan Intercity Railway түштүк темир жол компаниясынын каттамында жүргөн метро өз убактысынан 20 секундга эрте жүрүп кеткен. Тактап айтканда, эртең менен саат 9:44тө ордунан козголо турган метро саат 9:43:40та жолго чыккан. Мындан улам аталган каттамдын өкүлдөрү коомчулуктан расмий түрдө кечирим сурашкан.

"14-ноябрь күнү болжол менен саат 9:44тө Metropolitan Intercity Railway түштүк темир жол компаниясы көрсөтүлгөн убакыттан 20 секунд эрте кетип калганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Биз Япониянын метролору башка өлкөлөргө караганда убакытка так экенин жакшы билебиз. Бизге япониялык кабарчы Сато, "20 секунд ушунчалык маанилүүбү?" деген суроо узатты. Чынында эле жүргүнчүлөр 20 секунддук айырманы байкай алышабы? Анын үстүнө метролор ар бир 4 мүнөт сайын каттайт эмеспи", - деп ойлондук. Бирок кайрадан ой жүгүртүп көрүп, эгер бизден башка да метролор ушундай жоопкерчиликсиз мамиле кылышса, демек, канчалаган адамдар жумуштарына, окуучулар мектепке кечигип барышмак экен. Мындан улам кетирген катачылыгыбызды моюндап, калктан кечирим суроону туура көрдүк", - деп жазылган катта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
General.kg
2017-11-16 15:54:47
Бизде депутат мас болсо 1 саатка деле кармала берет))
+19
Aitunuk
2017-11-16 19:04:16
General.kg, 1 саатка кечиксе эч нерсе эмес, келбей деле коёт десеңиз туура го дейм.
+15
sagynbek.apyshev
2017-11-16 22:26:24
General.kg,неге сразу эле депутат дейсиңер е? Метро менен депутаттын кандай байланышы бар?
-2
General.kg
2017-11-16 15:55:19
Самалёт метро эмес
-14
mir777
2017-11-16 19:23:30
General.kg,генерал майор эмес
+10
gute
2017-11-16 16:03:14
Туура бизде 20 секунд эмес 20 минута кечиксе деле макул болобуз. эгер кечиксе Япондор жалоб кылып ошол компанияларга мамлекет штраф салат. Ошон учун мамлекет бай, так жашашат.
+8
Ermekbai
2017-11-16 16:04:20
Япондордой болсокго биз да
+4
beknur95
2017-11-16 17:56:24
Ал Япония биз Кыргызстан дагы 4 5 кылымда бизда ошентип калабыз
+3
mir777
2017-11-16 19:24:33
beknur95,буйруса 7017-жылыбы)))
+4
usta_kg
2017-11-16 20:41:53
mir777, 2417-2517 чи жылдары десең,)))
-3
jbolotov
2017-11-16 20:13:57
Бизде 120 депутат кааласа келет, 15 депутат чогулуп ушак айтышып тарап кетет.
+4
ali96
2017-11-16 20:28:52
jbolotov,бул жерде депутаттар жонундо соз болгон жок туугандар...
0
Bektur.osh
2017-11-23 14:25:12
jbolotov,э! чык эшике! чык дейм!!
0
ali96
2017-11-16 20:32:49
Кыргыздар!!! Ушундайды качан токтотобуз? Башка олконун ырчы, чоорчу, спортчу же башка бир нерсе болсо эле депутаттарга салыштырасынар!!! Бир нерсе болсо эле -Биздин депутаттар!!!
Жакпайбы,оку иште аракет кылып сен депутат бол!!! Уйундо жатып алып интернет чукуп отурсан, депутаттар келип чай кайнатып берсинби сага...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан