Кыргыз жерине буудай импорттоодон кошумча нарк салыгын алып салуудан өлкө 1,5 жылда 500 миллион сом жоготту. Маалыматты 16-ноябрда Жогорку Кеӊеште өкмөт мүчөлөрү билдиришти. Аталган мыйзам 2016-жылы ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн Жогорку Кеӊештен кабыл алынып, президент кол койгон.
Депутаттар мыйзам туура эмес жыйынтык бергенин айтышып, бул үчүн ким жоопкерчиликке тартыларын сурап жооп ала албай жатышат. Импорттолгон буудайга кошумча нарк салыгын кайра киргизүү сунушталууда.
Депутат Рыскелди Момбеков: "Бул мыйзам кабыл алынып жатканда каршы болуп кыйкырып тургам, депутаттардын колун кайрып добуш бердирткен. Бир мыйзамды кабыл алып 2-3 депутатты миллионер кылдык, аттарын айталы", - деп билдирди.
Депутаттар 1 жыл мурда бул мыйзамды Жогорку Кеӊештен өткөрүүгө айрым депутаттардын, чиновниктердин кызыкчылыгы болгонун айтып, алардын жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.