Нидерланды өлкөсүндө эми каргалар көчөдөгү тамекинин калдыктарын жыйнайт

Нидерланды өлкөсүндө эми каргалар көчөдөгү тамекинин калдыктарын жыйнайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

Белгилүү болгондой, Нидерланды өлкөсүндө атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, каргаларды көчөдөгү тамекинин калдыктарын жыйноого үйрөтүү мүмкүн экендиги билинген.

Жыл сайын бул өлкөнүн көчөлөрүнө 4,5 триллион тамекинин калдыктары ташталат. Жерге түшкөн калдык 12 жылдын ичинде гана чирип жок болот. Жаңы башталган Crowded Cities программасы каргаларды жерге ташталган тамекинин калдыктарын чогултуп, атайын жасалган урналарга таштоону үйрөтмөкчү.

Ал урналар тамекинин калдыгын гана тааныйт жана кабыл алат. Эгерде карга чын эле чылымдан калган калдыктарды алып келсе урна ага жем берет. Муну менен карганы тамекинин калдыктарын чогултууга үйрөтөт.

Атайын урналар жөнөкөй таштандыдан тамекинин калдыктарын андагы фильтринен улам айрып билет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
gute
2017-11-16 18:39:39
Европалыктар эми каргаларды уйрото баштаптыр. Биз озубузду озубуз уйрото албай жатабызго
+35
Dan4ik88
2017-11-16 18:40:16
Тобо ()_()
+6
Krai
2017-11-16 19:19:23
Эвропада каргалар адам боло баштаса бизде адамдар карга боло башташкан
+24
jumaev0084
2017-11-16 20:14:54
Krai,Карга эмес Кузгун десен
+8
usta_kg
2017-11-16 20:31:54
jumaev0084,))))
+4
aika2015
2017-11-16 19:36:01
каргалар да иштешет экен да)))
+9
kyialreal
2017-11-16 20:04:09
Адам баласы маркумду жерге коомуунуда Каргадан уйронгон . Эми ушунуда уйронуп алсак кана
+1
Tyty1990
2017-11-16 21:41:35
Оо биздикилер каздай керсейип басып тамекини ыргытып,артынан чыйт тукуруп коюп кете беришет го чиркин.
+8
Dastan.98
2017-11-16 22:25:46
Эгер ушул чын болсо биздин каргаларды дагы практикага жонотуш керек экен
+2
no.comment
2017-11-16 22:51:05
Dastan.98, бюджеттен акча болунуп, анан виза жасатып аларга э?)))
+4
mederkg
2017-11-16 22:37:14
Бизге келсинчи ошо окмууштулар биздин 120 койду мекенибизге иштегенди үйрөтүшсүн койлор тезирек үйрөнсө керек каргалардан кара ганда.
+10
cfif03748
2017-11-16 23:45:47
mederkg,койлорубуз кайра чыгаша кылып жатышат алтындарыбызды каздырып кузгундарга.оздору казса мейли эле
+1
Bek_abad
2017-11-17 04:23:29
Шумдукгоо) ошону таштаган мееси бар адамга уйрото албапсынар эми каргага уйротосунорбу?? Ишенбейм буга жон эле ошентип элди уйротсо керекта..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан