Кечээ, 17-ноябрда саат 20:30 чамасында Ош шаарынын Ахмедов көчөсүндө Мерседес үлгүсүндөгү унаа экскаваторду сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Мерседес Батыш кичи районун көздөй аэропорттон келе жаткан. Ал экскаватордун артынан келип, өтө катуу сүзүп алган. Натыйжада ичиндеги адамдар ооруканага жеткирилген", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.