Каржы министри: “2018-жылы “Таза Коом” долбоорун ишке ашырууга 1 миллиард сом каралат”

Каржы министри Адылбек Касымалиев 2018-жылы “Таза Коом” долбоорун ишке ашырууга 1 миллиард сом карала турганын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 17-ноябрда парламенттик угууда билдирди.

Министр кийинки жылдагы чыгымдар боюнча айтып берди. “Капиталдык чыгымдарга ички булактардан 2 миллиард 9 миллион сом, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 200 миллион сом, чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө 100 миллион сом каралат. Ал эми айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө коммерциялык банктардын коюмдарын субсидиялоого 700 миллион сом бөлүнөт. Саламаттыкты сактоо министрлигине гемодиализге жана жогорку технологиялар фондуна 737 миллион сом каралат”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан