
Рита Ахундова Ростов-на-Дону шаарында төрөлүп, Москвадан юридикалык билим алган. Бирок 2 жыл мурун Кытайдын Гуанчжоу шаарына иштөө үчүн барып, ошол кезден тарта аталган аймактагы өзгөчө жерлерден сүрөткө түшүп интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөп келет.

Ал 2007-жылдан тарта сүрөт тартуу менен алектене баштаган. Соңку 3 жылдык эмгектери iPhone уюлдук телефондоруна тартылган.
"Кымбат баалуу фотоаппараттарды колдонуу мен үчүн эмес. Менимче, уюлдук телефондун жардамы менен эле мыкты кадрларды чагылдырса болот. Өзгөчө, акыркы үлгүдөгү смартфондордун камералары сапаттуу сүрөткө тартат", - дейт ал.

Анын кооз сүрөттөрү интернет колдонуучуларын гана кызыктырбастан, Кытайдагы белгилүү сүрөтчү жана блоггерлердин да кызыгуусун арттырган. Мындан улам алар Рита менен биргеликте Кытайдын ар кайсы шаарларынан кереметтүү кадрларды чагылдырып турууну адатка айландырып алышкан.