Орусия Федерациясынын Коми Республикасындагы Воркута шаарында кыргыздар өз маданиятын жергиликтүү элге тааныштырды. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.
"Аталган аймакта чукча деген эл бар. Аларды физиологиялык түзүлүшүнө карап кыргыздарга окшоштура беришет. Кыргыздар кайдан келип чыкканы, түпкү теги тууралуу билбегендер бизди чукчалар менен айырмалай алышпай, ушул элден келип чыккан деп ойлошот экен. Мындан улам Воркутадагы кыргыздар биригип, жергиликтүү элге кыргыз эли, өлкөсү тууралуу кенен маалымат берип, маданиятыбызды, улуттук тамак-аштарыбызды тааныштыралы дедик. Биз иш-чараны өткөрө турган имарат бошобой калгандыктан, шаардагы мечитте өткөрүүгө уруксат берилди. Кыргыз диаспорасынан, шаардык администрациядан, медицина кызматкерлеринен жана каалоочуларды чакырдык. Биздин маданиятыбызды көргөнү көп адамдар келди. Дасторконубузду улам тамак-ашка толуктап жаттык. Алар аз да болсо "Кыргыз" деген түшүнүк алышып, ушундай эл бар экенинен маалымат алып кетишти", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.