Бүгүн - 20-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кызматтан кетерине 4 күн калганда президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрүп, 6 жылда жасалган, жасалбай калган иштер, өлкөдөгү саясий кырдаал, эл аралык мамиле, саясатчыларга ачылган кылмыш иштери өӊдүү көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди.
Ажонун бүгүнкү пикирлери келечекте кандай кадамдарга баруусу мүмкүндүгүн ачыктады. Мисалы, Атамбаев өзүнүн КСДП партиясы менен парламенттик шайлоого тизмеде №1-болуп барышы мүмкүн экенин айтты. Президенттик кызматтагы 6 жылынын орто ченинде өлкө башчысы мөөнөтү бүткөн соң эс аларын, чыгармачылык менен алек болорун, бизнеске кетүүсү мүмкүндүгүн айтып келсе, акыркы жылда саясатта каларын айта баштаган. Кызматтан кетерине 4 күн калганда өзүнүн партиясын парламенттик шайлоого даярдай турганын, өзү тизмеде башында туруп, парламенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экендигин жарыялады. Эгер Алмазбек Атамбаевдин парламентке депутат катары келүү ою бар болсо, демек, андан ары өкмөт башчы болууга деле ою, планы бар деп күтүүгө болот.
Алмазбек Атамбаев өлкөбүз башкаруунун парламенттик формасына өтүп, Германиянын моделин өздөштүрсө болорун айтты.
Германия - парламенттик республика. Президент эл аралык аренада өлкөнүн өкүлү, сыйлуу кызмат катары саналып, негизги бийлик канцлерде, башкача айтканда өкмөт башчысында болот. Германия парламентинин башкы палатасы - Бундестаг эл тарабынан 4 жылдык мөөнөткө, бир мандаттуу округдан да, партиялык тизме боюнча да аралаш системде шайланат.
Конституция өзгөртүлүп жатканда оппозиция лидерлери, жарандык активисттер Алмазбек Атамбаевди бийлигин сактап калууну көздөп жатат деп сындашкан. Жаӊы Конституцияга ылайык, премьер-министрдин күчөтүлгөн укуктары дароо эмес, президенттер алмашкан соң, 2017-жылдын декабрында гана күчүнө кирет деген норма мындай сындардын ого бетер курчушуна шарт түзгөн. Ал учурда премьер-министрликке да, спикерликке да аракет кылбай турганын айтып жүргөн Атамбаевдин "парламентке барышым мүмкүн" дегени бүгүнкү күндүн башкы жаңылыгы болду.
Буга чейин эле Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышы мөөнөтүнөн мурда таратылып, келерки жылы парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн деген жоромолдор айтылып жаткан. Ажонун бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин ал жоромолдордун салмагы артты. Парламенттик шайлоо аркылуу Жогорку Кеңешке, андан өкмөттүн башына барып, бийликти колго алуу үчүн Алмазбек Атамбаевге 2020-жылга чейин күтүп отуруу зарыл эмес болушу мүмкүн. Премьерлик кызматтын мөөнөтүндө эч кандай чектөө жок, партиясы парламентте ишенимдүү турса көп жылдар мамлекетти башкаруу мүмкүндүгү бар. Бир гана суроо жаралат. Президенттик кызматка эми гана отурган маалында мурункуларга салыштырмалуу азуусуз парламентти таратып жиберүү Сооронбай Жээнбековго пайдалуу болобу?..
Жогорку Кеңеш Суу кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча өкмөттүн демилгелеп чыккан мыйзамына макулдук берип, көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Ал мыйзам "Кумтөрдө" мөӊгүлөрдү талкалоого жол берет. Мына ошол мыйзамга президент кол коёбу же артка кайтарабы деген маселе күн тартибинде турат. Алмазбек Атамбаев парламент 1 апта мурун кабыл алган мыйзам президенттик аппаратка келип түшкөнүн билдирди. Ажонун маселеге комментарийине караганда мыйзам артка кайтарылбайт.
Кыргызда мөӊгүлөр "Кумтөрдүн" айынан эмес, дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөрдөн улам эрип жатат деди. Ошондой эле "Центерра" экология үчүн төлөмдү 10 эсе көбөйткөнүн белгилеп, эми дагы көбөйтүү керектигин айтты. Бул сөздөргө караганда Алмазбек Атамбаев жаӊы президент Жээнбековго калтырбай эле мыйзамга кол коюп, күчүнө киргизерин күтсө болот...
Жогорку Сотто бүгүн "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып баштады. Сот адвокаттардын Текебаев менен Чотоновду сот залына алып келүү өтүнүчүн орундаткан жок. Соттун мурдагы баскычтарындай эле Жогорку Сотто дагы адвокаттардын өтүнүчтөрү көбүрөөк четке кагылып жатат. Мисалы, Текебаевдин жактоочусу кылмыш иши боюнча маалыматы жок деп прокурорлордун бирин алмаштырууну суранып, өтүнүч канааттандырылган жок. Ошентсе да Текебаевдин тарапташтарынын акыркы үмүтү Жогорку Сотто калды.
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында “эски саясатчыларды өзүм менен кошо ала кетем” деген сөзүнө түшүндүрмө берди. "Мындан ары эски саясатчылар өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир эте алышпайт. Өлкөдө эски саясатчылардан жалгыз Сооронбай Жээнбеков гана калды", - деди өлкө жетекчиси. "Эски саясатчылар" дегенде көпчүлүк биринчи кезекте 30 жылдан бери саясатта жүргөн Текебаевди эстейт. Ажонун бул билдирүүсү Текебаевдин ишин Жогорку Сот жакынкы күндөрү карап, чечим кабыл алат, чечим район менен шаардык соттукунан айырмаланбайт дегенден кабар береби?..