Владимир Путин муз үстүндөгү бий боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Евгения Медведеваны 18 жашка толушу менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин муз үстүндөгү бий боюнча Дүйнөнүн жана Европанын эки жолку чемпиону Евгения Медведеваны туулган күнү менен куттуктады. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, ал кечээ, 19-ноябрда 18 жашка толгон.

"Урматтуу Евгения Армановна! Менин куттуктоомду кабыл алыңыз. Таланттуу, максатка жете билген жана өтө эмгекчил адамсыз. Сиз эл аралык деңгээлдеги мелдештерде эң мыкты ийгиликтерди жаратып, муз үстүндө бийлөөнүн миллиондогон сүйүүчүлөрүнүн кумирине айландыңыз. Алдыга койгон пландарыңыздын аткарылышына тилектешмин жана бардык жакшылыктарды каалайм", - деп жазылат Путиндин куттуктоосунда.

Евгения Медведева - муз үстүндөгү бий боюнча дүйнөдөгү эң жаш спортчулардын катарын толуктайт. Мекендештери 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиадалык оюндардан аны алтын медаль алат деп күтүшүүдө. Акыркы эки жыл ичинде Евгения көптөгөн дүйнөлүк мелдештерге катышып бир да жолу жеңилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gute
2017-11-20 19:03:46
В.В.П нын куттуктоосун намек деп тушунсок болот турба.
-15
MIRAN
2017-11-20 19:08:16
Красивая
+5
APCEH
2017-11-20 19:38:04
Сочи 2014го катышты беле?
+2
ludimira
2017-11-20 20:14:47
Путин озу гимнасткалардан кыя отпойт окшойт
+1
mir777
2017-11-20 20:31:04
Путинбай гинмнасткалар менен ооруйт турбайбы
0
aman0296
2017-11-20 22:01:48
mir777, Боксерду куттуктаса, качектор менен оруйт турбайбы дебей. Ичинерди кенейтсенер. Бул кыз коп спортчулардын арасындагы Россиянын сыймыгы. Биздин ажобуз Айсулууну куттуктагандай эле.
+5
monok2001
2017-11-20 21:53:18
Азыр Женяга конкурента чыктыго.Бирок катачылык кетирбейт откондо эки жолу жыгылды.Азр Медведева,Сотскова,Погарилова Жана Алина ..... Орусиянын ишенгендери
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан