Челябинск облусундагы бала бакчалардын биринде тарбиячылар, бала багуучулар балдардын дааратканага баруусуна тыюу салып жүргөн. Чет элдик маалымат булактарынын жазган маалыматына ылайык, тарбиячылардын мындай "ишин" ата-энелер ачыкташкан.
Балдардын биринин апасы баласы үйгө өтө шашып келип, дароо дааратканага киргенин байкап жүргөн. Баласы "бала бакчада ажатканага барганга болбойт, үйгө кеткенге чейин чыдаш керек" деп айтканынан кийин апасы башка балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Жыйынтыгында бала бакчанын кызматкерлери балдардын "чоң муктаждыктарын" аткаруусуна тыюу салып жүрүшкөнү белгилүү болгон.
Ата-энелердин бул боюнча суроосуна бала бакчанын тарбиячысы аларга тыюу салынган эмес, балдар бизге дааратканага барары тууралуу айтуудан тартынат деп жооп берген.
"Ал эми бакчадагы бала багуучулар ар бир тайпада жыйырмадан ашык бала бар, ар бирин "тазалоого" жетишпейбиз. Балдар үйүнө чейин чыдаганга көнөт", - деп жооп беришти. Ал эми бала бакчанын директору бул боюнча биринчи жолу угуп жаткандыгын, маселени чечүү үчүн тийиштүү аракеттер көрүлөрүн айтты. Биз азырынча алардын убадасынын аткарылышын күтөбүз", - деген балдардын биринин апасы Тамара Архипова.
Дарыгерлер балдарга "чоң муктаждыктарын" аткарууга тыюу салуу - аларда кооптуу оорулардын жаралуусуна алып келерин билдиришкен. Ал эми психологдор балдар үчүн бул чоң азап экенин, мындай абалга улам-улам тушуккан бала өзүн-өзү эркин алып жүрө албай каларын айткан.