Чүйдө Кытай жаранын карактоону көздөгөн эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Милиция кызматкерлерине "кылмыштуу топтордун бири чет элдик жаранды карактоону көздөп жатат" деген маалымат келип түшкөн. Ал маалыматты текшерүү учурунда шектүүлөр Чүй облусунун тургундары экени жана алар Кытай жараны В.Ю.ну карактоого даярданып жатышканы аныкталган.
"Кылмыштуу топту кармоо үчүн милиция кызматкерлери Кытай жараны жашаган батирди кайтарууга алышкан. 17-ноябрь түнү кылмыштуу топтун эки мүчөсү Кытай жараны жашаган батирге кирип келишкен учурда кармалышкан. Бирок алар каршылык көрсөткөндүктөн эскертүү иретинде ок атылган. Ошондой эле алардын биринен травматикалык тапанча алынган. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган Ш.Канат жана 1996-жылы туулган А.Расул убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Эгерде алар тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор же алардан жабыркагандар болсо, 0 (702) 326 591, 0 (700) 297 814 телефон номурларына чалып, кабарласа болот", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.