Жети-Өгүздө 10дой адам "Тамга" подстанциясын кайтарып калып, калган митингчилер таркашты
Жети-Өгүз районунда митингчилер "Кумтөр" ишканасынын электр энергиясын өчүрүп, подстанцияны кайтарууга 10дой адамды дайындашты. Калган митингчилер үйлөрүнө кетишкенин аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Жергиликтүү тургундар талаптары аткарылмайынча "Кумтөргө" электр энергиясын бербейбиз дешүүдө. Айта кетсек, бүгүн, 31-майда Жети-Өгүз районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга ылайык, аймакка саат 21:00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат киргизилди.