Бүгүн, 1-июнь күнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Учурда Жети-Өгүз районунда экенин өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов бизге маалымдады. “15 мүнөттөн кийин Барскоон айылына жетип калабыз. Ал жерде өкмөт башчысы митингдеги элдер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзөт”,- деди Эржигитов.