“Ата Мекен” Улан Саляновдун өлүмү боюнча маселени парламенттин жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алды

Бүгүн, 21-ноябрда “Ата Мекен” фракциясы Улан Саляновдун өлүмү боюнча маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алды.

Аталган фракция депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун атып өлтүрүлүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери тууралуу талкуулашты.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Сүйүнбек Аблатов тергөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, иликтөө ишинин кызыкчылыгына ылайык толук маалымат айтуу мүмкүн эместигин билдирди.

Жыйынга ички иштер министринин, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан