Дүйнөдөгү эң кымбат бюстгальтерлер 1 миллион доллардан 15 миллион долларга чейин сатылат
Наркы дүйнөдөгү эң кымбат унаалардын баасына тең келген ич кийимдер жыл сайын "Victoria's Secret" бренди тарабынан чыгарылып келет. Баалуу асыл таштар менен кооздолгон ич кийимдерди аталган бренд 1996-жылдан бери чыгарып, мода көргөзмөсүндө эл назарына коюп келет. Алар 1 миллион доллардан 15 миллион долларга чейин бааланат.
"Fantasy Bra" деп аталган бул бюстгальтерлерди кийип "Victoria's Secret'тин" миллиондогон күйөрмандарына подиумда көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бренддин алдынкы моделдерине гана берилет. "Fantasy Bra" ич кийимдери жыл сайын өтүүчү "Victoria's Secret" мода көргөзмөсүндө сатыкка коюлат.
"Victoria's Secret`тин" тарыхында мындай ич кийим ошол калыбында 2004, 2012-жылдары гана сатылган, ал эми калган жылдары бөлүктөргө бөлүнүп сатылган.
Быйыл бул кийимди "Victoria's Secret Show 2017" мода көргөзмөсүндө эл назарына тартуулоо үчүн 27 жаштагы бразилиялык топ-модель Лаис Рибейро тандалып алынган. Баасы 2 миллион долларды түзгөн "Fantasy Bra" бюстгальтерин жасоо үчүн 350 сааттан ашык убакыт коротулуп, бриллиант жана сапфир, алтын таштары менен аземделген.