Жалал-Абад. Митингчилер камактагы депутаттардын акталышын талап кылышууда

Бүгүн, 1-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы облус өкүлүнүн мекемесине бастырып киришкен 250дөй адам митингди улантышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров бизге маалымдады. “Митингчилер менен ОИИБинин башчысы да сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок эч кимиси сөзгө келбей жатат. Алар өтө агрессивдүү. Алар камакта жаткан “Ата Журт” партиясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин келишин, “Кумтөр” маселеси менен Батукаев тууралуу маселелердин эртерээк чечилишин талап кылышууда”,- деди Аттокуров. Мындан улам Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери ар кандай кырдаалга туруштук берүүгө даяр экенин билдиришти. Эске салсак, кечээ, 31-май күнү Жалал-Абаддагы чогулган эл облустук администрациянын имаратын басып алышып, губернаторду иш бөлмөсүнөн кууп чыгышкан. Анын ордуна "Ата Журт" партиясынын Жалал-Абад шаарындагы координатору Медер Үсөновду дайындашкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан