Жети-Өгүздөгү митингден 63 адам медициналык жардамга кайрылды

Жети-Өгүздөгү митингден 63 адам медициналык жардамга кайрылышты. Алардын 45и карапайым калк болсо, 18и ИИМдин кызматкерлери. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнь күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикова билдирди. “Жабырланган бардык адамдарга медициналык жардам көрсөтүлдү,- деди Байтикова. Айта кетсек, 31-май күнү ИИМдин кызматкери митингчилер унааны күйгүзгөндө денесинен жаракат алган. Ал учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда. Абалы жакшы. Ошондой эле 14 адам жеңил жараат менен кайрылган. Мындан сырткары 3 адам көзүнө резина ок тийип, алар Ысык-Көлдөгү аймактык ооруканада жатат. Алардын абалы орточо болгондуктан, 3 жаранды Бишкекке алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары дагы 2 адам Жети-Өгүз менен Ысык-Көлдөгү аймактык ооруканада. Аларга стационардык жардам көрсөтүлүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан