АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяны терроризмге демөөрчүлүк кылган өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
"Түндүк Корея режими өзүн мыйзам чегинде алып жүрүшү керек. Ал мыйзамга каршы келген өзөктүк жана ракеталык программаларын жана эл аралык терроризмди колдоосун токтотушу керек", - деп түшүндүрдү Трамп. Пхеньяндын мыйзамсыз аракеттери катары АКШнын президенти Малайзияда корей лидери Ким Чен Ындын бир тууганынын өлтүрүлүшү жана 17 ай Түндүк Корея абагында кармалып чыккан америкалык студент Отто Уормбиердин өлүмүн мисал келтирди.
"Түндүк Корея терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен 2008-жылы, ошол кездеги АКШ президенти Жорж Буш тарабынан чыгарылган. Буга Түндүк Корея өзөктүк мекемелерине эл аралык инспекторлорду киргизүүгө макул болгону себеп болгон. Бирок көп өтпөй Пхеньян өз убадасын бузган. Дональд Трамп Жорж Буштун ал чечимин "ишенип адашуу" деп атады. Акыркы айларда АКШнын демилгеси менен БУУ Түндүк Кореянын дүйнө менен соода алакасын үзүү жаатында кошумча санкцияларды киргизген", - деп жазышат басылмалар.