Бүгүн, 1-июнда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жана Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаарындагы абал боюнча, ошондой эле ушуга байланыштуу мамлекеттик органдардын кабыл алган чаралары тууралуу маалыматты укту. Ошондой эле өлкөдө жалпысынан туруктуу абал сакталып тургандыгы белгиленди. Кыргызстандын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык региондордо өз пландарына жана программаларына ылайык социалдык-экономикалык милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерин жүргүзүп жатышат. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн жана өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде укук коргоо органдарынын алдында коюлган милдеттерди ишке ашыруунун зарылчылыгын баса белгиледи.