Бүгүн - 22-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеӊеш өлкөдө буудай импорттоого кошумча нарк салыгын кайра киргизүүчү мыйзамды кабыл алды. Демилге 99 депутаттын колдоосу менен өттү. 1,5 жыл мурун эле импорттолгон буудайдан салыктын аталган түрүн алып салуу сунушталганда азыркы депутаттардын көбү колдоого алып, мыйзамды өткөрүшкөн. Бүгүн ошол эле депутаттар ал мыйзамды жокко чыгарышты.
2016-жылдын башында буудайды сырттан ташып келүүгө кошумча нарк салыгы жоюлган. Бул жеӊилдиктен улам өлкөдө ундун баасы арзандашы керек эле. Бирок калың эл андай жеңилдикти сезген жок. Мыйзамдын үзүрүн өлкөдөгү ун өндүрүп чыгаруучу ири бизнес ээлери гана көрүштү. Ошол кезде Бакыт Төрөбаев мыйзам кабыл алынбаса өлкө 3 миллиард сом зыян тартарын айтса, депутат Дастан Жумабеков ата мекендик ун өндүрүүчүлөр такыр эле ишин токтотушу мүмкүн деп чыккан. Мыйзам талкууланып жатканда депутат Алтынбек Сулайманов "майдалап отурбай өлкөдөгү ири бизнести 5-6 депутатка эле бөлүп берип койбойлубу?" деп Жогорку Кеңештеги монополисттерди сындап чыккан. Жакында Сулайманов 2016-жылы мыйзамды өткөрүүгө мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков, азыркы спикер Дастан Жумабеков жана депутат Бакыт Төрөбаев кызыкдар болгонун, бул мыйзам 3 депутатты байытууга иштегенин айтып чыкты. Турсунбеков менен Төрөбаевдин ун заводдорунан көпчүлүктүн кабары бар. Ал эми Жумабеков депутаттардын сынынан "тегирменим жок" деп кутулду. Өкмөт “импорттук буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуудан казынага 680 миллион сом түшпөй калды” деп жатат. Жоопкерчиликти ким алат? Бир ууч топтун кызыкчылыгына иштей турган мыйзамды сунуштаган өкмөтпү, кабыл алган Жогорку Кеӊешпи же ошондой болорун көрүп туруп, артка кайтарып жибербей кол койгон президентпи? Өкмөт, парламент жана президент жалпы элдин жашоосуна түз тиешеси бар маанилүү иштерди ушинтип саналуу адамдардын жеке кызыкчылыгына ылайык чечишеби?
Ал кезде Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин спикери эле, КСДП менен мамилеси бузула элек болчу. Төрөбаев дагы Өмүрбек Бабановго кошулуп бийликти сындап баштай элек убак болчу. Мыйзамдан улам казына толбой калганы бийликтин Турсунбеков менен мамилеси бузулгандан, Төрөбаев аймактарды кыдырып бийликти сындагандан кийин айтылып, талкууга коюлду. Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы маалымат жыйынында: "Парламенттеги 3 ун өндүрүүчү олигархтын кызыкчылыктарынын айынан 1 миллиард сом грант ала албай жатабыз", - деди. Ажо Эл аралык валюта фондунун Кыргызга бере турган акчасын айтты. Буудай импорттоодогу жеӊилдик алынбаса уюм өлкөгө 2017-жыл үчүн аталган грантты которбосу айтылды. Президент буудайды салыктан бошотуудан бюджетке акча түшпөй каларын, 3 олигарх жеке кызыкчылыгы үчүн элдин жашоосу менен ойноп жатканын биле туруп эмне үчүн мыйзамды ошондо эле артка кайтарып жиберген эмес деген суроо туулат. Бул ун тармагындагы окуя. Өӊчөй олигархтар отурган парламент менен өкмөттө ундан башка маселелер жогорудагыдай 4-5 адамдын кызыкчылыгында чечилбей жатат деген кепилдик барбы? Жогорку Кеӊеште дары-дармек, курулуш, күйүүчү май, кен казуу, көмүр казуу өӊдүү бизнестин ээлери аз эмес...
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 8 миллион 404 миң 248 сом жумшалат. Бул баштапкы бөлүнгөн суммадан 4,6 миллион сомго аз. Адегенде каржы министри Адылбек Касымалиев инаугурацияга 13,1 миллион сом каралып жатканын айткан. Мындан улам жарандык активисттер мынчалык чыгашанын кимге кереги бар, ошол миллиондор жол коопсуздун жөнгө салууга, балдардын ден-соолугуна кам көрүүгө, билим берүүгө жумшалса болбойбу деп, бийликти ашкере ысырапкорчулук үчүн сындай башташкан.
Президенттик аппарат “инаугурациянын чыгымы тактала элек, 13,1 миллион сом бюджетте алдын ала каралган сумма” деп тактоо берүүгө аргасыз болгон. Ошентип, коомчулуктун көзөмөлү 5 миллион сомго жакын болсо да ашыкча чыгымды токтото алды. Кээде ушинтип салык төлөөчүлөрдөн чогулган миллиондор жарандык коомдун активдүүлүгү менен үнөмдөлүп калууда. Бажы кызматкерлерине кол саат, депутаттарга кресло сатып алуу аракеттерин мисал кылууга болот.
Жээнбековдун инаугурациясына 450 адам катышары белгилүү болду. Буга чейин айтылгандай, иш-чарага чет өлкөнүн президенттери чакырылган жок. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын эки президенти өлкөдөн качып чыккан боюнча кайрылып келише элек. Эми Жээнбековдун инаугурациясында өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаевага орун табылар-табылбасы кызыгуу жаратууда...